Эллин эместерге.
Gal.1.10; 1Cor.1.1; 1Cor.9.1; Heb.5.4; 2Cor.1.1; Acts.13.2
Titus.1.2; Rom.3.21; Rom.14.25; Luke.1.70
Matt.1.1; Gal.4.4
Acts.13.33; 2Cor.13.4; Eph.1.19-Eph.1.20; Phil.3.10; Acts.10.38; Acts.26.23
Rom.12.3; Rom.15.15; Acts.1.25; Rom.6.16; Rom.14.25; 1Pet.1.2; Rom.15.18; Acts.6.7; Acts.9.15
Rev.17.14; Rom.8.28; Rom.8.30
1Cor.1.3
1Cor.1.4; Eph.1.15-Eph.1.16; Phil.1.3; Col.1.3-Col.1.4; Rom.6.17; Phil.4.6; 2Tim.1.3; Rom.16.19; 1Thess.1.8
Phil.1.8; 1Thess.2.5; 1Thess.2.10; Rom.9.1; 2Cor.1.23; 2Cor.11.10; 2Cor.11.31; Acts.24.14; 2Tim.1.3
Rom.15.32; 1Thess.3.10
Rom.15.22-Rom.15.23; Acts.19.21
2Pet.1.1
Rom.15.22-Rom.15.23; Acts.19.21; Rom.15.22; 1Thess.2.18; Phil.4.17; John.4.36
1Cor.9.16; Acts.28.2
Ps.39.10-Ps.39.11; Mark.8.38; 1Cor.1.18; 1Cor.1.24; Rom.2.9; Acts.3.26; Mark.7.26; John.7.35
Rom.3.21; 2Cor.5.21; Phil.3.9; Rom.9.30; Gal.3.11; Heb.10.38; Hab.2.4
Eph.5.6; Col.3.6; Rom.5.9; Rom.2.5
Rom.2.14-Rom.2.15; Acts.14.17; Acts.17.24-Acts.17.27
Ps.18.2-Ps.18.7; Jer.5.21-Jer.5.22
2Kgs.17.15; Jer.2.5; Eph.4.17-Eph.4.18
Jer.10.14; 1Cor.1.20
Ps.105.20; Jer.2.11; Deut.4.16-Deut.4.18; Acts.17.29; 1Tim.1.17
Rom.1.26; Rom.1.28; Eph.4.19; 1Thess.4.4
Isa.28.15; Isa.44.19-Isa.44.20; Jer.10.14; Amos.2.4; 2Thess.2.11; Rom.9.5
Rom.1.24; Rom.1.28; Col.3.5; 1Thess.4.5
Lev.18.22; Lev.20.13
Rom.1.24; Rom.1.26; Jer.6.30; Eph.5.4
Rom.2.26; Rom.8.4; Rom.6.21; Luke.11.48; Acts.8.1; Acts.22.20; 1Cor.13.6; 2Thess.2.12
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Элчинин саламдашуусу

Ыйса Машайактын кулу, элчи болууга чакырылган, Кудайдын Жакшы Кабарын таратуу үчүн тандалып алынган Пабылдан салам!
Кудай бул Жакшы Кабарды мурда эле Өзүнүн пайгамбарлары аркылуу Ыйык Жазууларда убада кылган болчу.
Бул Жакшы Кабарда дене жагынан Дөөттүн тукумунан чыккан Кудай Уулу жөнүндө,
өлгөндөрдүн арасынан тирилүүсү аркылуу, ыйыктоочу Рух боюнча Кудайдын Уулу болуп Өзүнүн күч-кубаты менен ачылган Теңирибиз Ыйса Машайак жөнүндө айтылат.
Ыйса Машайактын ысымынын урматына бүт элдерди ишенимге баш ийдирүү үчүн, Кудай бизге Ал аркылуу ырайым көрсөттү жана элчилик кызматты ыйгарды.
Ошол элдердин арасында Ыйса Машайак аркылуу чакырылган силер да барсыңар.
Кудайдын Римдеги бардык сүйүктүүлөрү, ыйык болууга чакырылгандар, силерге Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

Элчинин Римге барсам
деген каалоосу

Силердин ишенимиңер жөнүндө бүт дүйнөгө жарыяланып жатат. Ошондуктан мен баарынан мурда бүт бардыгыңар үчүн Кудайыма Ыйса Машайак аркылуу ыраазычылык билдиремин.
Уулу жөнүндө Жакшы Кабар таратып, жан-дилим менен кызмат кылып жүргөн Кудай Өзү силерди дайыма эстеп сыйынып жатканыма,
ошондой эле Кудайдын эрки болсо, силерге баруума жол ачылса экен деп, дайыма сыйынып, суранып жатканыма күбө.
Силерди көрүүгө куштармын, анткени силердин бекемделишиңер үчүн, мен кээ бир рухий жөндөмдүүлүктөр менен бөлүшсөм,
башкача айтканда, силердин жана менин – баарыбыздын ишенимибиз аркылуу кайраттансак дейм.
Бир туугандарым, силерге көп жолу келгим келгенин, бирок ушул учурга чейин тоскоолдуктарга учураганымды, башка элдерден көргөнүмдөй эле, силерден да эмгегимдин кандайдыр бир жемишин көргүм келгенин билишиңерди каалайм.
Мен эллиндерге да, варварларга да, акылдууларга да, акылсыздарга да кызмат кылууга милдеттүүмүн.
Ошондуктан мен колумдан келишинче Римде турган силерге да Жакшы Кабар таратууга даярмын.

Жакшы Кабардын күчү

Себеби мен Жакшы Кабар таратуудан уялбаймын. Анткени Жакшы Кабар – бардык ишенгендерди: алгач жүйүттөрдү, андан кийин эллиндерди да куткара турган Кудайдын күчү.
Ыйык Жазууда: «Адил адам ишеними менен тирүү болот», – деп жазылгандай, Жакшы Кабарда Кудайдын адилеттиги ишеним аркылуу ачылып, ишенимге жеткирет.

Адамзаттын күнөөкөрдүгү

Анткени чындыкты адилетсиздик менен басып турган адамдардын кудайсыздык менен кылган бардык иштерине жана адилетсиздигине каршы асмандан Кудайдын каары төгүлөт.
Себеби Кудай жөнүндө эмнени билүү мүмкүн болсо, ошол аларга белгилүү, анткени Кудай аларга билдирген.
Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт.
Анткени алар Кудайды таанып билип туруп, Аны Кудай катары даңкташкан жок, Ага ыраазычылык билдиришкен жок, тескерисинче, куру кыялдарга батышты, алардын эч нерсени түшүнбөгөн жүрөктөрү караңгыланды.
Өздөрүн акылдуу эсептеп, акылынан ажырашты.
Өлбөс Кудайдын даңкын жок боло турган адамдын, канаттуулардын, жаныбарлардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн бейнелерине алмаштырышты.
Ошондуктан Кудай алардын өз жүрөктөрүндөгү кумардуу каалоолору менен бузуктукка батуусуна жол берди. Ошентип, алар өз денелерин өздөрү булгашты.
Алар Кудайдын чындыгын жалганга алмаштырышты, Жаратканга табынуунун, кызмат кылуунун ордуна жаратылган нерсеге табынышты, кызмат кылышты. Ал эми Кудай түбөлүккө даңкталууга татыктуу! Оомийин.
Ошондуктан Кудай алардын ыпылас кумарга батуусуна жол берип койду, анткени алардын аялдары да табигый жыныстык байланышты табигый эмес байланышка алмаштырышты.
Ошондой эле эркектер да аялдар менен болгон табигый жыныстык байланышты таштап, бири-бирине кумарын арттырышты. Эркектер бири-бири менен ыпылас ишке барышты. Адашкандыктары үчүн алардын денеси жазаланды.
Алар Кудайды таанып билүүнүн кажети жок дешкендиктен, ыпылас иштерди жасаган аларды Кудай ыпылас ойлорунун жетегине таштап койду.
Ошондуктан алардын жүрөгү ар кандай адилетсиздикке, бузуктукка, арамзалыкка, ач көздүккө, ачууга, көрө албастыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, чатакташууга, алдамчылыкка, терс кыялдарга толгон.
Алар – тили заар, жалаа жабуучу, Кудайды жек көрүүчү, таарынтуучу, мактанчаак, текебер, жамандык ойлоп чыгаруучу, ата-энесине тил албас,
акылсыз, сөзүнө турбаган, мээримсиз, элдешпес, ырайымсыз адамдар.
Алар Кудайдын адилет сотун, ушундай кылуучулар өлүмгө татыктуу экенин билип туруп, ушуларды жасашат. Жасап эле тим болбостон, ушундай кылгандарды кубатташат.