Ps.146.1; Ps.70.22; Gen.14.19-Gen.14.20
Ps.35.6; Ps.118.147-Ps.118.148; Ps.35.6; Ps.118.147-Ps.118.148
Ps.32.2; Ps.32.2; Ps.32.2
Ps.89.16; Ps.8.7
Ps.110.2; Rev.15.3; Ps.39.6; Ps.138.17; Rom.11.33; Ps.35.7
Job.21.7; Ps.93.4; Ps.124.5
Ps.92.4
Ps.67.2
Ps.74.11; 1Sam.2.1; Num.23.22; Ps.22.5
Ps.36.34; Ps.53.9
Ps.1.3; Ps.51.10; Ps.71.7; Prov.11.28; Num.24.6; Isa.61.3; Hos.14.6-Hos.14.9
Ps.99.4; Ps.115.10; Ps.134.2
Ps.57.12; Ps.17.3; Job.34.10
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Забур. Ишемби күнгө арналган ыр.

1 .
2 Бардыгынан жогору турган Кудай, Сени даңктаган, Сенин ысымыңды мактап ырдаган кандай жакшы!
3 Эртең менен Сенин ырайымыңды, түн ичинде чындыгыңды жарыя кылуу кандай жакшы!
4 Он кылдуу арфа, гусли чертип ырдоо кандай жакшы!
5 Анткени Сен мени Өзүңдүн жараткандарың менен кубанттың, Теңир. Мен Сенин колуң жасаган иштерге суктанам.
6 Теңир, Сенин иштериң кандай улуу! Сенин ойлоруң кандай терең!
7 Аны ойлонбогон адам билбейт, аны акылы жок адам түшүнбөйт.
8 Кудайсыздар чөп чыккандай чыгышат, мыйзамсыз иштерди кылгандар түбөлүк жок болуш үчүн гүлдөшөт.
9 Сен болсо, Теңирим, түбөлүккө баарынан жогору турасың!
10 Анткени, мына, Теңирим, Сенин душмандарың, мына, Сенин душмандарың өлүп жатышат, мыйзамсыз иштерди кылгандар туш-тушка чачырап жатышат.
11 Бирок Сен менин мүйүзүмдү буйволдун мүйүзүндөй жогору көтөрдүң, Сен мени жаңы зайтун майы менен майладың.
12 Мен душмандарымдын кыйраганын өз көзүм менен көрүп жатам, мага каршы чыккан зулумдардын талкаланганын өз кулагым менен угуп жатам.
13 Адил адам курма дарагындай гүлдөйт, Лебанон кедриндей асманга бой керет.
14 Теңирдин үйүнө отургузулгандар Кудайыбыздын короосунда гүлдөшөт.
15 «Теңир адилеттүү, Ал менин тирегим, Анда калп жок», – деп жар салуу үчүн,
16 алар карыганда да мөмөлүү, ширелүү, жашыл болуп турушат.