Gen.35.3; Prov.18.10; Ps.58.2; Ps.68.30
Ps.72.17; 2Chr.20.8; Ps.127.5
Acts.10.4
Ps.20.3
Ps.9.15; Ps.59.6; Song.6.4; Song.6.10
Ps.27.8
Isa.31.1; Isa.36.9; Prov.21.31; 1Sam.17.45; 2Chr.32.8
Ps.47.3
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

.
Сен кайгырган күнү Теңир үнүңдү уксун, сени Жакыптын Кудайынын ысымы сактасын.
Ал сага ыйык жайдан жардам, Сиондон күч-кубат жөнөтсүн.
Чалган курмандыктарыңдын баарын эске алсын, бүтүндөй өрттөлчү курмандыгыңды майлуу курмандык катары кабыл алсын.
Сага жүрөгүң каалаганды берсин, бүт тилегиңди аткарсын.
Биз сенин куткарылганыңа кубанабыз, биздин Кудайыбыздын атынан туу көтөрөбүз. Теңир сенин сураганыңдын баарын берсин.
Теңир Өзүнүн майланганын сактарын, Ага Өзүнүн ыйык асманынан Өзүнүн оң колунун куткаруучу күчү менен жооп берерин билдим.
Бири майдан арабалары менен, бири күлүк аттары менен мактанат, биз болсо Теңирдин, Кудайыбыздын ысымы менен мактанабыз.
Алар мүдүрүлүп жыгылышты, биз болсо турдук, бекем турабыз.
Теңир! Падышаны сакта, Өзүңдү чакырганда, үнүбүздү уга көр.