Ps.98.5; Ps.98.9; Ps.97.6
Ps.145.2
Ps.47.2; Job.5.9; Isa.40.28
Isa.38.19
Ps.144.12
Ps.77.4
Isa.63.7
Ps.85.5; Ps.85.15
Ps.99.5
Ps.18.2; Ps.102.22; Ps.131.9; Ps.131.16
Ps.104.1; Ps.144.4; Ps.150.2; Deut.3.24; Ps.144.5
Ps.9.37
Ps.36.17; Ps.36.24; Ps.145.8
Ps.103.27
Ps.103.28; Ps.103.21; Ps.146.8
Ps.114.5; Ps.17.26; Jer.3.12
Ps.33.19; Ps.118.151; Deut.4.7; John.4.23-John.4.24
Prov.10.24; John.9.31; Ps.30.23
Ps.96.10
Ps.150.6
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Дөөттүн даңктоосу.

1 Өзүңдү даңазалайм, Теңирим, Кудайым, Падышам, Сенин ысымыңды түбөлүк даңктайм.
2 Сени күн сайын даңктайм, Сенин ысымыңды түбөлүк мактайм.
3 Теңир улуу жана мактоого татыктуу, Анын улуулугу акыл жеткис.
4 Бир муун бир муунга Сенин иштериңди мактайт, Сенин күчүңдү жарыя кылат.
5 Ал эми мен Сенин улуулугуң, улуу даңкың жана кереметтүү иштериң жөнүндө жар салам.
6 Сенин коркунучтуу иштериңдин күчү жөнүндө айтышат, Сенин улуулугуң жөнүндө болсо мен жарыя кылам.
7 Сенин кең пейилдигиңди унутпай жар салышат, Сенин адилеттигиңди даңктап ырдашат.
8 Теңир кайрымдуу жана ырайымдуу, чыдамдуу жана абдан боорукер.
9 Теңир бардык адамдарга жакшылык кылат, Өзү жараткандарынын бардыгына кайрымдуулук кылат.
10 Теңирим, Сени Өзүңдүн бардык иштериң даңктасын, Сени Өзүңдүн ыйыктарың даңкташсын.
11 Сенин падышачылыгыңдын даңкы жөнүндө жар салышсын, Сенин күчүң жөнүндө айтышсын.
12 Адам баласы Сенин күчүңдү жана Сенин падышачылыгыңдын улуу даңкын билсин.
13 Сенин падышачылыгың – түбөлүк падышачылык, Сенин бийлигиң муундан муунга.
14 Теңир жыгылып бараткандарды сүйөйт, кулагандардын баарын тургузат.
15 Бардыгы Сени карап, күтүп турушат; Сен аларга тамакты өз маалында бересиң.
16 Колуңду ачып, кең пейилдигиң менен бардык тирүү жандарды тойгузасың.
17 Теңир Өзүнүн бардык жолунда адилет, Өзүнүн бардык ишинде ишенимдүү.
18 Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын, Өзүн чын жүрөктөн чакыргандардын бардыгына жакын.
19 Ал Өзүнөн корккондордун каалоосун аткарат, алардын зар-муңун угат, аларга жардам берет.
20 Теңир Өзүн сүйгөндөрдүн баарын сактайт, ал эми кудайсыздардын баарын кырып жок кылат.
21 Менин оозум Теңирди мактайт. Ар бир тирүү жан Анын ыйык ысымын түбөлүк даңктасын.