Isa.34.6; Isa.34.6; Ps.67.8
Rev.19.13; Lam.1.15; Rev.14.20; Rev.19.15
Joel.3.13; Isa.59.16
Isa.34.8
Isa.59.16
Isa.49.26
Ps.144.7
Judg.10.16; Deut.7.7-Deut.7.8; Ezek.16.5-Ezek.16.6; Deut.32.10-Deut.32.12
Exod.15.24; Num.14.11; Ps.77.17; Ps.77.56; Ps.94.9; Ezek.20.8; Ps.77.40; Acts.7.51; Eph.4.30
Ps.76.12-Ps.76.21; Exod.14.19-Exod.14.22
Exod.14.21; Josh.3.16; 2Sam.7.23; Neh.9.10
Num.10.33; Isa.63.12
Deut.26.15; Ps.32.14; Isa.59.17; Zech.1.14
Isa.64.8; Deut.32.6; Isa.43.14
Isa.6.10; John.12.40; Ps.89.13
Deut.4.25-Deut.4.26; Isa.64.11
Jer.14.8
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Өч алуу күнү

1 Эдомдон келе жаткан бул ким? Ботсрадан кызыл чапанчан келе жаткан бул ким? Өзүнүн кийими менен ушунчалык улуу көрүнгөн, Өзүнүн толук күч-кубаты менен чыгып келе жаткан бул ким? «Ал Менмин. Мен чындыкты айтам, куткаруу үчүн күчтүүмүн».
2 Анда эмне үчүн Сенин кийимиң кызыл? Эмне үчүн чапаның жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелеп жаткандын чапанындай?
3 «Мен жүзүм сыгылуучу жайда жалгыз тебеледим, элдердин ичинен Мени менен эч ким болгон жок. Мен аларды ачууланып жатканымда тебеледим, каарданып жатканымда тепселедим. Алардын каны Менин чапаныма чачырады, ошондуктан Мен бүт кийимимди булгап алдым.
4 Анткени өч алуу күнүм Менин жүрөгүмдө. Менин элимдин куткарылуу жылы келди.
5 Мен карап турдум, бирок жардамчы болгон жок. Мени колдоого эч ким чыкпаганына таң калдым, бирок Мага Өзүмдүн каруу-булчуңум жардам берди, Мени Өзүмдүн каарым колдоду.
6 Мен элдерди ачууланып жатканымда тебеледим, аларды каарданып жатканымда кыйраттым, алардын канын жерге төктүм».

Кудайдын Ысрайылга көрсөткөн ырайымы

7 Мен Теңирдин ырайымын жана даңкын, Анын биз үчүн жасаган бардык ишин, Өзүнүн боорукердиги менен, көп сандаган берешендиги менен Ысрайыл үйүнө көрсөткөн зор мээримин эсимден чыгарбайм.
8 Ал: «Чындыгында эле, алар Менин элим, чындыгында эле, алар Менин калп айтпаган балдарым», – деди. Ошондуктан Теңир алардын Куткаруучусу болду.
9 Алардын башына ар кандай кыйынчылык түшкөндө, Теңир аларды таштаган жок, аларды Анын жүзүнүн периштеси куткарып турду. Теңир аларды Өзүнүн сүйүүсү, ырайымдуулугу менен куткарып алды. Аларды байыркы күндөрдөн бери көтөрүп жүрдү.
10 Бирок алар баш ийбей, Анын Ыйык Рухун капа кылышты. Ошондуктан Ал алардын душманына айланды, аларга каршы Өзү согушту.
11 Ошондо Анын эли Мусанын учурундагы байыркы күндөрдү мындай деп эске түшүрдү: Аларды Өзүнүн койлорунун койчусу менен деңизден алып чыккан Теңир кана? Анын жүрөгүнө Өзүнүн Ыйык Рухун салган Теңир кана?
12 Ал Өзүнүн улуу каруу-булчуңу менен Мусаны оң колунан кармап алып жүргөн, Өзүнө түбөлүктүү ысым жасаш үчүн, алардын алдында деңиз сууларын экиге бөлгөн.
13 Теңир аларды, талаадан аттарды алып өткөнсүп, түпкүр аркылуу алып өткөн, алар мүдүрүлүп жыгылган эмес.
14 Мал өрөөнгө түшкөн сыяктуу, Теңирдин Руху аларды тынчтыкка алып келген. Өзүңө даңктуу ысым жасаш үчүн, Сен Өзүңдүн элиңди ушинтип алып жүрдүң.

Ысрайылдын Кудайдан
ырайым сурап сыйынышы

15 Асмандан көз сал, Өзүңдүн даңктуу жана ыйык жайыңдан кара: Сенин кызганчаактыгың кайда? Сенин зор кудуретиң кайда? Сенин мага болгон мээримиң жана ырайымың кармалып турат.
16 Биздин атабыз бир гана Сенсиң, анткени Ыбрайым бизди билбейт, Ысрайыл бизди өзүмдүкү деп эсептебейт. Сен, Теңир, биздин Атабызсың, кылымдардан бери Сенин ысымың – «Биздин Куткаруучу».
17 Теңир, эмне үчүн Сен бизге Өз жолдоруңдан адашып кетүүгө жол бердиң? Сенден коркпош үчүн биздин жүрөгүбүздүн таш болуп катып калуусуна жол бердиң? Өз кулдарың үчүн, Өз мурасыңдын уруулары үчүн, бизге кайрылып кел.
18 Өзүңдүн ыйык элиң өзүнүн жерин аз эле убакыт ээлеп турду. Биздин душмандарыбыз Сенин ыйык жайыңды тебелеп-тепсешти.
19 Биз Өзүң эч качан бийлик кылбаган, Сенин атың менен аталбаган элдей болуп калдык.