Gal.4.27; Isa.62.4; 1Sam.2.5
Isa.49.19-Isa.49.20
Isa.11.14; Gen.28.14
Isa.45.17
Isa.62.4-Isa.62.5; Hos.2.7; Isa.43.14; Zech.14.9
Isa.54.1; Isa.49.14; Isa.60.15; Isa.62.4
Isa.26.20
Isa.54.7; Isa.55.3
Gen.8.21; Gen.9.11
Num.25.12; Ezek.34.25; Ezek.37.26; Mal.2.5
Isa.51.21; Isa.60.10; Rev.21.19
John.6.45; Jer.31.33-Jer.31.34; Isa.9.7; Ps.118.165
Isa.8.9-Isa.8.10
Isa.45.24-Isa.45.25
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Калыбына келтирилген
жана акталган Ысрайыл

1 «Кубан, баласы жок, төрөбөс аял! Кубанып кыйкыр, катуу үн сал, толгоо тартып кыйналбаган аял! Анткени күйөөсү бар аялга караганда, күйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп – дейт Теңир.
2 Чатырыңдын турган ордун чоңойт, турак жайыңдын жабууларын кеңейт. Уялба, аркандарыңды узун ташта, казыктарыңды орнот.
3 Анткени сен оңго да, солго да жайыласың, сенин тукумуң элдерди каратып алып, бош калган шаарларга отурукташат.
4 Коркпо, анткени уятка калбайсың. Уялба, анткени маскара болбойсуң, жаш чагыңда маскара болгонуңду унутасың, мындан ары жесирлигиңдин айынан жаманатты болгонуңду эстебейсиң.
5 Анткени сенин Жаратканың – сенин күйөөң. Анын ысымы – Себайот Теңир, сенин Куткаруучуң – Ысрайылдын Ыйыгы. Ал бүт жер жүзүнүн Кудайы деп аталат.
6 Анткени Теңир сени күйөөсү таштап кеткен, руху кайгыга баткан аялдай кылып чакырып жатат, Ал сени жаш кезиңде алып, четке кагылган аялдай кылып чакырып жатат, – дейт сенин Кудайың.
7 Мен сени аз убакытка таштагам, бирок улуу ырайым менен кабыл алам.
8 Каарым кайнап турганда, Мен сенден Өз жүзүмдү убактылуу жашырдым, бирок сага түбөлүктүү ырайым менен ырайым кылам, – дейт сенин Куткаруучуң, Теңир.
9 Анткени бул Мен үчүн Нухтун учурундагы суулардай: Мен мындан ары Нухтун учурундагыдай суулар жерди каптабайт деп ант бергендей, сага каарданбайм, сени жемелебейм деп ант бердим.
10 Тоолор жылат, дөңсөөлөр солкулдайт, бирок Менин ырайымым сенден четтебейт, Менин тынчтык келишимим бузулбайт», – дейт сага ырайым кылуучу Теңир.

Жаңы Иерусалим

11 «Бороон учурган, сооротулбаган байкуш! Мен сенин таштарыңды кызыл лаалдын үстүнө коём, пайдубалыңды көк жакуттан тургузам.
12 Терезелериңди кызыл лаалдан, дарбазаңды берметтен, дубал-коргондоруңдун баарын асыл таштардан жасайм.
13 Сенин уулдарыңдын баарын Теңир үйрөтөт, уулдарыңда улуу тынчтык болот.
14 Сен акыйкат менен бекемделесиң, эзүүдөн алыс болосуң, анткени сен корко турган эч нерсе жок, коркунучтан да коркпойсуң, анткени ал сага жакын жолобойт.
15 Сага каршы куралданып чыгышат, бирок Менден эмес. Сага каршы ким куралданып чыкпасын, ал өлөт.
16 Мен темир устаны жараттым, ал оттогу чокту үйлөп, өзүнүн иши үчүн курал жасайт, кырыш үчүн Мен кыруучуну жараттым.
17 Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт, сени менен сотто талашып-тартышкан ар бир тилди сен айыптайсың. Бул – Теңирдин кулдарына Мен берген мурас жана адилдик», – дейт Теңир.