Gen.36.7
1Sam.2.23-1Sam.2.24
Gen.44.20; Gen.37.23; Gen.37.32
Gen.42.6; Gen.42.9; Gen.43.26; Gen.44.14
Gen.35.18; Gen.37.7; Gen.37.9
Acts.7.9; Luke.2.19; Luke.2.51
Gen.33.18
Gen.13.18; Gen.35.27
2Kgs.6.13; 2Kgs.6.13
Ps.36.12; Ps.36.32
Gen.37.26
Gen.42.22
Gen.37.29-Gen.37.30
Gen.37.3
Jer.38.6; Lam.3.53
Job.6.19; Isa.21.13; Gen.37.28; Gen.37.36; Gen.39.1; Gen.43.11; Jer.8.22; Jer.46.11
Gen.37.20
1Sam.18.17
Gen.37.36; Judg.8.22; Judg.8.24; Gen.45.4; Ps.104.17; Acts.7.9
Gen.44.13; Num.14.6; 2Sam.1.11; 2Sam.3.31; Job.1.20
Gen.42.13; Gen.42.32; Gen.42.36; Gen.44.31; Jer.31.15; Lam.5.7
Gen.37.23
Gen.37.20; Gen.44.28
2Sam.12.17; Gen.42.38; Gen.44.29; Gen.44.31
Gen.37.28; Gen.37.25; Gen.39.1; Gen.40.3-Gen.40.4; Gen.41.10; Gen.41.12
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Жусуп жана анын бир туугандары

1 Жакып атасы жашаган Канаан жеринде жашап турду.
2 Жакыптын жашоосу мындай эле: Жусуп он жети жашында, өспүрүм чагында өзүнүн бир туугандары менен, атасынын аялдары Била жана Зилпанын уулдары менен мал кайтарчу. Жусуп атасына алардын жаман иштерин жеткирип турчу.
3 Ысрайыл Жусупту башка уулдарынан өзгөчө жакшы көрчү, анткени ал анын карыганда көргөн уулу эле. Ошон үчүн ага кооз кийим тиктирип берди.
4 Бир туугандары атасынын өздөрүнө караганда Жусупту көбүрөөк жакшы көрөрүн көрүшүп, Жусупту жек көрүп калышты. Аны менен бир тууганча сүйлөшө албай калышты.
5 Бир күнү Жусуп түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтып берди. Ошондон кийин алар аны ого бетер жек көрүп калышты.
6 Жусуп аларга мындай деди: «Мен көргөн түшкө кулак салгылачы.
7 Түшүмдө биз талаада боо байлап жүрүптүрбүз, бир маалда менин боом тикесинен туруп калды. Ошондо силердин боолоруңар тегерете туруп, менин боомо жүгүнүп, таазим этишти».
8 Ошондо бир туугандары: «Кантип эле сен бизге падышалык кылып каласың? Кантип эле сен бизди бийлеп каласың?» – дешип, аны түшү үчүн, айткан сөздөрү үчүн ого бетер жек көрүп калышты.
9 Ал дагы башка түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтты: «Бүгүн мен дагы түш көрдүм. Түшүмдө күн менен ай жана он бир жылдыз мага жүгүнүп, таазим кылып жатыптыр».
10 Ал түшүн атасы менен бир туугандарына да айтып берди эле, атасы урушуп, мындай деди: «Эмне деген түш көргөнсүң? Кантип эле мен да, апаң да, бир туугандарың да сага келип, таазим кылып калалы?»
11 Бир туугандары ыза болушту, атасы болсо анын сөзүн жүрөгүнө түйүп алды.

Жусуптун кулдукка сатылышы

12 Бир туугандары атасынын малын Шекемге жайып кетишкенде,
13 Ысрайыл Жусупка: «Бир туугандарың Шекемде мал жайып жүрүшөт. Барып келчи, мен сени аларга жиберейин», – деди. Ал ага: «Мен даярмын», – деп жооп берди.
14 Атасы ага: «Барып, бир туугандарың аман-эсенби, малы түгөлбү, көрүп, мага жообун алып кел», – деди. Ошентип, аны Хеброн өрөөнүнөн Шекемге жөнөттү. Жусуп Шекемге келди.
15 Ал талаада адашып жүргөндө, ага бирөө жолугуп, андан: «Эмне издеп жүрөсүң?» – деп сурады.
16 «Мен бир туугандарымды издеп жүрөм. Алар кайсы жерде мал жайып жүргөнүн айтып коёсуңбу?» – деди ал.
17 Ошондо жанагы киши: «Алар бул жерден кетишти, анткени мен алардын “Дотанга барабыз” дегенин уккам», – деди. Жусуп бир туугандарынын артынан жөнөп, аларды Дотандан тапты.
18 Алар Жусупту алыстан көрүшүп, ал жакындай электе эле, аны өлтүрүүнү чечип коюшту.
19 Анан алар бири-бирине: «Мына, түш көргүч келатат.
20 Жүргүлө, азыр барып, аны өлтүрүп, чуңкурга таштап салалы, аны жырткыч айбан жеп кетти деп айтып коёбуз. Ошондо анын түштөрү эмне болорун көрөбүз», – дешти.
21 Муну Рубейин угуп: «Жок, Жусупту өлтүрбөйбүз», – деп, аны алардын колунан куткарып калды.
22 Рубейин аларга: «Кан төкпөгүлө. Аны чөлдөгү чуңкурга таштап салгыла, ага кол салбагыла», – деди. Ал бул сөздү Жусупту алардын колунан куткарып, атасына кайтарыш үчүн айтты.
23 Жусуп өзүнүн бир туугандарына келгенде, алар Жусуптун үстүнөн кооз кийимин сыйрып алышты.
24 Өзүн болсо чуңкурга таштап жиберишти. Ал чуңкур бош болчу, анда суу жок эле.
25 Анан алар тамак жегени отурушканда, Гилат жактан келе жаткан Ысмайыл уулдарынын кербенин көрүштү. Алар төөлөрүнө жыпар жыттуу заттарды: стиракс, бальзам, ладан жүктөп алып, Мисирге алып бара жатышкан.
26 Ошондо Жүйүт бир туугандарына: «Бир тууганыбыздын канын төгүп, өлүгүн жашырып салгандан эмне пайда?
27 Жүргүлө, аны Ысмайыл уулдарына сатып жиберели, колубуз да булганбайт, анткени ал биздин бир тууганыбыз, каныбыз бир», – деди. Бир туугандары анын тилин алышты.
28 Мидиандык соодагерлер өтүп бара жатышканда, Жусупту чуңкурдан тартып алышып, Ысмайыл уулдарына жыйырма күмүш дилдеге сатып жиберишти. Алар болсо Жусупту Мисирге алып кетишти.
29 Рубейин чуңкурга кайра келип караса, чуңкурда Жусуп жок экен. Ошондо ал өз кийимдерин айрып жиберди.
30 Анан бир туугандарына келип: «Бала жок экен, эми мен кайда барам?» – деди.
31 Алар бир текени союп, Жусуптун кооз кийимин кан кылып,
32 атасына берип жиберишти. Анан атасына келип, мындай дешти: «Биз муну таап алдык, карасаң, бул кийим уулуңдуку эмеспи?»
33 Жакып анын кийимин таанып: «Бул – уулумдун кийими. Ал жырткычка жем болуптур, аны жырткыч жара тартып кеткен турбайбы», – деди.
34 Анан Жакып өз кийимин айрып, үстүнө зумбал кийип, уулун көп күн жоктоп ыйлады.
35 Ошондо атасын сооротууга бүт уул-кыздары чогулду, бирок ал сооронгусу келбей: «Мен эми өлгөндөр жаткан жайга, уулума барганча кайгырып өтөм», – деди. Жусуптун атасы уулун ушинтип жоктоду.
36 Мидиандыктар болсо аны фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы Потипарга сатып жиберишти.