Eph.4.32; Matt.5.7; Matt.5.48; Luke.6.36
Rom.14.15; Col.3.14; John.13.34; Rom.8.37; Rom.4.25; Gen.8.21; Heb.7.27; Heb.9.14; Heb.10.10; Heb.10.12
1Cor.6.18; Gal.5.19; Eph.5.12; Ps.15.4
Eph.4.29; Eccl.10.13; Rom.1.28; Eph.5.20
1Cor.6.9; Col.3.5
Matt.24.4; Col.2.8; Rom.1.18; Col.3.6; Eph.2.2; 1Pet.1.14
Eph.3.6
Eph.2.1-Eph.2.2; Acts.26.18; Isa.2.5; Luke.16.8; John.12.35-John.12.36
Gal.5.22; Rom.7.4
1Thess.2.4; 1Thess.5.21
1Cor.5.9; Rom.6.21; Rom.13.12; Lev.19.17; 1Tim.5.20
Eph.5.3
John.3.20-John.3.21; Eph.5.9
Isa.51.17; Isa.52.1; Isa.60.1; Mal.4.2; Rom.13.11; Isa.26.19; Luke.1.78-Luke.1.79
Col.4.5; Prov.15.21
Eph.5.15; Eph.6.13; Eccl.12.1; Amos.5.13; Gal.1.4
Rom.12.2; 1Thess.4.3; 1Thess.5.18
Prov.20.1; Prov.23.20; Prov.23.31; 1Cor.5.11; Titus.1.6; 1Pet.4.4; Luke.1.15
Acts.16.25; 1Cor.14.26; Col.3.16; Jas.5.13
Col.3.17; 1Thess.1.2; 2Thess.1.3; Heb.13.15; John.14.13
Phil.2.3
Eph.5.22-Eph.6.9; Col.3.18-Col.4.1
Gen.3.16; Eph.6.5
1Cor.11.3; Eph.1.22-Eph.1.23; 1Cor.6.13
Col.3.20; Col.3.22; Titus.2.9
Eph.5.28; Eph.5.33; 1Pet.3.7; Eph.5.2
Titus.3.5; Rev.7.14; Eph.6.17; Heb.6.5; John.15.3
2Cor.11.2; Eph.1.4; Song.4.7
Eph.5.25; Eph.5.33
Gen.2.23; 1Cor.6.15
Matt.19.5; Mark.10.7-Mark.10.8; Gen.2.24; 1Cor.6.16
Eph.5.25; Eph.5.28; 1Pet.3.2; 1Pet.3.6
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:
Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла,
Машайак бизди сүйгөндүктөн, биз үчүн Өзүн Кудайга жыты жагымдуу тартуу жана курмандык катары бергендей, силер да сүйүү жолунда жүргүлө.
Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт.
Ошондой эле уятсыз, маңызсыз жана маскаралаган сөздөрдү сүйлөбөгүлө, мындай кылуу жарабайт, анын ордуна ыраазычылык билдиргиле.
Билип койгула: ойноштук кылуучу, нике бузуучу, дүнүйөкор, башкача айтканда, бутка табынуучу Машайактын жана Кудайдын Падышалыгында мураска ээ болбойт.
Эч ким силерди маңызсыз сөздөр менен алдабасын. Ошондой кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат.
Ошондуктан аларга шерик болбогула.

Жарыкта жүргүлө

Силер бир кезде караңгы элеңер, бирок азыр Теңир аркылуу жарык болдуңар, жарыктын балдары катары жашагыла.
Анткени жарыктын жемиши: боорукердик, адилдик, чындык.
Кудайга эмне жагарын ажырата билгиле.
Караңгылыктын жемишсиз иштерине аралашпагыла, тескерисинче, аларды ашкере кылгыла,
анткени алардын жашыруун кылып жаткандарын айтканга ооз да барбайт.
Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык.
Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Уктап жаткан өлүк адам, ойгон, тирил, Машайак сени жарык кылат», – деп айтылган.
Ошентип, кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла.
Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман.
Ошон үчүн акылсыз болбогула, тескерисинче, Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билгиле.
Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула:
бири-бириңерге забурларды, даңктоо ырларын жана рухий ырларды айтып, Теңирди чын жүрөгүңөр менен даңктап ырдагыла;
Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан Кудай Атабызга бардык учурда бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле;
Кудайдан коркуу менен бири-бириңерге баш ийгиле.

Үй-бүлөлүк жашоонун эрежелери

Аялдар, күйөөңөргө Теңирге баш ийгендей баш ийгиле,
анткени дененин Куткаруучусу Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы.
Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин.
Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген.
Ал Жыйынды сөз менен, суу менен жууп тазалап, ыйыктоо үчүн;
тагы, кемчилиги же ушул сыяктуу бир нерсеси жок, ыйык жана кемчиликсиз кылып, Өзүнүн алдына даңктуу кылып коюу үчүн Өзүн берген.
Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт.
Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат,
анткени биз Анын дене мүчөлөрүбүз. Анын этинен жана сөөгүнөн жаратылганбыз.
«Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот».
Бул сыр аябай терең, менин айтканым Машайакка жана Жыйынга тиешелүү.
Силерге тиешелүүсү болсо бул: күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, аял болсо күйөөсүн урматтасын.