Col.4.2-Col.4.4; Eph.6.18-Eph.6.20
Col.2.7
Acts.14.27; Rom.14.24; Col.4.18; Eph.6.20; Phil.1.7
Eph.5.15-Eph.5.17; Mark.4.11
Col.3.16; Mark.9.50; 1Pet.3.15
Col.4.7-Col.4.9; Eph.6.21-Eph.6.22
Phlm.1.10; Phlm.1.16
Acts.19.29; Acts.20.4; Acts.27.2; Phlm.1.24; Rom.16.7; Acts.15.37; Acts.15.39; 2Tim.4.11
Acts.1.23; Acts.18.7; Acts.11.2; Phlm.1.7
Col.1.7; Phlm.1.23; Rom.15.30; Matt.5.48
2Tim.4.11; Acts.16.10; 2Tim.4.10; Phlm.1.24
Rom.16.5
1Thess.5.27
Phlm.1.2; 2Tim.4.5
1Cor.16.21; Heb.13.3; Col.4.3; Phil.1.7; 1Tim.6.21; 2Tim.4.22; Titus.3.15
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Акыркы акыл-насаат

Кожоюндар, асманда Теңириңер бар экенин билип, кулдарыңарга адилеттүү, туура мамиле кылгыла.
Туруктуулук менен сыйынгыла, сергектик менен, ыраазычылык билдирүү менен сыйынгыла.
Биз үчүн да сыйынып тургула: Кудай бизге Өзүнүн сөзүн таратышыбыз үчүн, Машайактын жашыруун сырын жар салышыбыз үчүн, эшик ачсын. Мен ошол жашыруун сыр үчүн камакта отурам.
Бул жашыруун сырды кандай жар салышым керек болсо, ошондой ачып беришим үчүн сыйынып тургула.
Убакыттан пайдаланып, сырттагыларга акыл-эстүүлүк менен мамиле кылгыла.
Сөзүңөр туз менен татытылгандай, дайыма жагымдуу болсун, ар бир адамга жооп бере билгиле.

Коштошуу

Сүйүктүү бир тууганыбыз, ишенимдүү кызматчы жана Теңир жолунда эмгектешим Тихик мен тууралуу силерге баарын айтып берет.
Силердин абалыңарды билиши үчүн, силерди сооротушу үчүн, мен аны силерге
араңардан келген ишенимдүү жана сүйүктүү бир тууганыбыз Онесим менен бирге жөнөттүм. Алар бул жерде болуп жаткан иштердин баарын силерге айтып беришет.
Мени менен бирге камакта отурган Аристарх жана Барнабанын жээни Марк (Марк жөнүндө силер «Эгерде ал силерге келсе, кабыл алгыла» деген буйрук алгансыңар),
ошондой эле Жуст деген да ысымы бар Ыйса силерге салам айтып жатышат. Алар – сүннөткө отургузулгандардан. Кудайдын Падышачылыгы үчүн кызмат кылган алар менин сооронучум болуп калышты.
Ыйса Машайактын кулу, силердин араңардан келген Эпафрас, силерге салам айтып жатат. Силер жеткилең болушуңар үчүн, Кудайдын эркин таанып билишиңер үчүн, ал дайыма сыйынат.
Ал силер үчүн жана лаодикеядагылар менен жераполдогулар үчүн өзгөчө кам көрүп жатат деп күбөлөндүрөм.
Сүйүктүү дарыгер Лука менен Демас силерге салам айтып жатышат.
Лаодикеядагы бир туугандарга жана Нимпанга, анын үйүндө чогулган Жыйынга салам айтып койгула.
Бул катты окуп чыкканыңардан кийин, Лаодикеядагы Жыйын да окугудай кылгыла. Лаодикеядан келген катты силер да окугула.
Архипке айтып койгула: Теңирден алган тапшырмасын аягына чыгарсын.
Мен, Пабыл, бул саламды өз колум менен жазып жатам. Менин туткунда жүргөнүмдү унутпагыла. Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.