1Sam.29.4; 1Sam.29.11; 1Sam.27.8; 1Sam.15.3; 1Sam.15.7; 1Sam.30.14
1Sam.25.42-1Sam.25.43
Exod.17.4; Num.14.10
1Sam.23.6; 1Sam.23.9
1Sam.22.10; 1Chr.12.21; 1Sam.30.18
1Sam.23.13
1Sam.30.21
Judg.15.19; 1Sam.14.27
1Sam.30.1; 2Sam.8.18; 2Sam.15.18; 2Sam.20.7; 2Sam.20.23; 1Kgs.1.38; 1Kgs.1.44; 1Chr.18.17; Ezek.25.16; Zeph.2.5
1Sam.25.3
1Sam.30.8
1Sam.30.18
1Sam.30.10; 1Sam.30.10
Num.31.27; Josh.22.8
Gen.28.19; Judg.1.22-Judg.1.26; Josh.15.48
Deut.2.36; Josh.13.16; Josh.15.50
1Sam.27.10; Judg.1.16
Judg.1.17
Josh.14.13-Josh.14.15; Judg.1.10; 2Sam.2.1-2Sam.2.4
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Амалыктыктардын жеңилиши

1 Дөөт жана анын кишилери үчүнчү күнү Сыклакка келишсе, амалыктыктар Сыклакка түштүк тарабынан кол салып, аны басып алып, өрттөп кетишиптир.
2 Аялдарды жана шаарда жашагандардын бардыгын, кичинесинен чоңуна чейин өлтүрбөстөн, туткундап, жолуна түшүшүптүр.
3 Дөөт өз кишилери менен шаарга келсе, шаар өрттөнүп, алардын аялдары, уулдары жана кыздары туткундалып кеткен экен.
4 Дөөт жана анын жанындагы эл боздоп ыйлады, алар ыйлаганга алы келбей калганча ыйлашты.
5 Дөөттүн эки аялы да – изрейелдик Акинаам жана мурда кармелдик Набалдын аялы болгон Абигейил туткундалып кетиптир.
6 Дөөт абдан кыйналды, анткени эл аны таш бараңга алгысы келди. Анткени уулдары менен кыздарынан ажыраган эл кайгырып турган эле.
7 Бирок Дөөт өзүнүн Кудай-Теңиринен күч алды. Ал Акимелектин уулу Абыйатарга: «Мага эфодду алып кел», – деди. Абыйатар Дөөткө алжапкычты алып келди.
8 Дөөт Теңирге кайрылып: «Бул сансыз аскердин артынан түшөйүнбү? Аларды кууп жетемби?» – деп сурады. Ага: «Артынан түш, кууп жетесиң, туткундарды алып каласың», – деп айтылды.
9 Ошондо Дөөт өзү да, жанындагы алты жүз жигити да жөнөдү. Алар Бесор суусуна келишкенде, чарчап-чаалыккандары ошол жерде калышты.
10 Дөөт төрт жүз кишиси менен тигилердин артынан түштү. Эки жүз кишиси токтоп калды, анткени алар Бесор суусун кечип өтө алышкан жок.
11 Алар талаадан мисирлик бир кишини таап алып, Дөөткө алып келишти да, ага нан беришти, ал жеди, ага суу беришти.
12 Анжыр жемишинин таңгагынан бир бөлүк, эки таңгак мейиз беришти. Ал аны жеп, күчүнө кирди, анткени ал үч күн, үч түн нан да жебептир, суу да ичпептир.
13 Дөөт андан: «Сен кимдин кулусуң? Кайдан болосуң?» – деп сурады. Ал ага: «Мен мисирликмин, амалыктык бир кишинин кулумун, кожоюнум мени таштап кетти, анткени үч күндөн бери ооруп жатам.
14 Биз Керейтинин, Жүйүттүн жана Калептин түштүк жагына басып кирдик, Сыклакты болсо өрттөп жибердик», – деп жооп берди.
15 Дөөт андан: «Ошол сансыз аскерге мени алып барасыңбы?» – деп сурады. Ал ага: «“Сени өлтүрбөйм, кожоюнуңдун колуна салып бербейм”, – деп, Кудай менен ант бер, ошондо мен сени ошол сансыз аскерге алып барам», – деп жооп берди.
16 Ошентип, ал Дөөттү алып барды. Амалыктыктар бүт өлкөгө чачырап, Пелишти менен Жүйүт жеринен алган чоң олжого тунуп, ичип-жеп, тойлоп жатышкан экен.
17 Дөөт аларды иңирден баштап, эртеси күндүн кечине чейин талкалады, төө минип качып кеткен төрт жүз уландан башка эч ким кутулган жок.
18 Дөөт амалыктыктар алгандын баарын тартып алды. Өзүнүн эки аялын да алып калды.
19 Амалыктыктар алып кеткендин эч нерсеси: кичинеси да, чоңу да, уулдары да, кыздары да, олжосу да жоголгон жок, Дөөт бардыгын кайра кайтарып алды.
20 Дөөт алардын бардык майда жана бодо малын алды. Аларды өздөрүнүн малынын алдына салып айдап алып: «Бул – Дөөттүн олжосу», – дешти.
21 Анан Дөөт өзүнүн артынан жүрө албай калган эки жүз кишиге келди. Аларды Дөөт Бесор суусунун боюна калтырган эле. Алар Дөөттү жана анын жанындагы кишилерди тосуп чыгышты. Дөөт ал кишилерге келип, алардын ал-жайын сурады.
22 Ошондо Дөөт менен баргандардын арасындагы жаман, начар кишилер мындай дешти: «Булар биз менен барбагандыгы үчүн, аларга өзүбүз тартып алган олжодон бербейбиз. Ар ким өз аялын, балдарын гана алсын да, кете берсин».
23 Бирок Дөөт аларга мындай деди: «Бир туугандарым, Теңир бергенден кийин, мындай кылбагыла. Ал бизди сактап, бизге каршы келген сансыз аскерди колубузга салып бербедиби.
24 Силердин бул сунушуңарды ким укмак эле? Согушка баргандардын үлүшү кандай болсо, арабалардын жанында калгандардын үлүшү да ошондой болушу керек, баарына тең бөлүш керек», – деди.
25 Ошол күндөн баштап, Дөөт муну Ысрайыл элиндеги мыйзам жана милдет катары бекитти, ал ушул күнгө чейин сакталып келе жатат.
26 Анан Дөөт Сыклакка келип, Жүйүттүн аксакалдарына, досторуна: «Бул силерге Теңирдин душмандарынан тартылып алынган олжодон белек», – деп, олжодон жөнөттү.
27 Ал бейтелдегилерге, түштүк рамоттогуларга, жатирдегилерге,
28 аройердегилерге, сипмоттогуларга, эштемоадагыларга,
29 рахалдагыларга, Жерахмейел жана Кейни шаарларындагыларга,
30 хормадагыларга, хор-ашандагыларга, атахтагыларга,
31 хеброндогуларга жана Дөөт өз кишилери менен жүргөн бардык жерлерге жөнөттү.