1Cor.7.8; 1Cor.7.26
Exod.21.10
Exod.19.15; 1Sam.21.4; Eccl.3.5; Zech.12.12-Zech.12.14; 1Thess.3.5
1Cor.7.12; 1Cor.7.25; 2Cor.8.8; 1Cor.7.10; 1Cor.7.40
Acts.26.29; 1Cor.7.8; 1Cor.9.5; 1Cor.12.4; 1Cor.12.11; 1Pet.4.10; Rom.12.6; Matt.19.11-Matt.19.12
1Cor.7.1; 1Cor.7.26; 1Cor.7.7
1Tim.5.14
1Cor.7.6; Mal.2.16; Matt.5.32
Mark.10.12; 1Cor.7.10
Ezra.9.2; Mal.2.15
Col.3.15; Rom.14.19
1Pet.3.1; Rom.11.14
Rom.12.3; 1Cor.4.17; 2Cor.8.18; 2Cor.11.28
Acts.15.1; Acts.15.5; Acts.15.19; Acts.15.24; Acts.15.28; Gal.5.2
Gal.3.28; Gal.5.6; Gal.6.15; Col.3.11; 1John.2.3
1Cor.7.24
Col.3.24; Phlm.1.16; John.8.36; 1Cor.9.21; 1Pet.2.16
1Cor.6.20; Lev.25.42; Lev.25.55
1Cor.7.20
1Cor.7.6; 2Cor.4.1; 1Tim.1.13; 1Tim.1.16; 1Cor.4.2
1Cor.7.1; 1Cor.7.8
Rom.13.11
2Cor.6.10
Ps.38.7; Jas.1.10; 1Pet.1.24; 1Pet.4.7; 1John.2.17
Matt.6.25; Luke.10.41; 1Tim.5.5
Prov.22.25
Heb.13.4
Rom.7.2; 2Cor.6.14
1Cor.7.6; Acts.15.28
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:
Ал эми силердин мага жазып жибергениңер жөнүндө айтарым бул: эркектин аялга жакындабай эле койгону жакшы.
Бирок ойноштук кылбаш үчүн, ар бир эркектин аялы, ар бир аялдын күйөөсү болсун.
Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын.
Аялдын денеси өзүнө эмес, күйөөсүнө таандык. Ошондой эле эркектин денеси өзүнө эмес, аялына таандык.
Өз ара макулдашкандан кийин, орозо кармоо жана сыйынуу үчүн гана бири-бириңерден убактылуу алыс болгула. Андан кийин кайрадан бирге болгула, өзүңөрдү кармай албаганыңардан пайдаланып, шайтан азгырып кетпесин.
Мен муну буйрук катары эмес, кеңеш катары айтып жатам.
Анткени бардык адамдардын мендей болушун каалар элем. Бирок ар бир адамдын Кудайдан алган рухий жөндөмдүүлүгү бар, бири мындай болсо, экинчиси тигиндей.
Үйлөнө электерге жана жесирлерге айтарым: алардын мен сыяктуу жалгыз болгону жакшы.
Эгерде өздөрүн кармай алышпаса, үйлөнүшсүн. Кумарлангандан көрө, үйлөнгөн жакшы.
Ал эми үй-бүлө кургандарга мен эмес, Теңир мындай буйрук кылат: «Аял күйөөсү менен ажырашпасын.
Эгерде ажыраша турган болсо, кайра күйөөгө тийбесин, же күйөөсү менен жарашсын. Ал эми эркек аялын кетирбесин».
Дагы бирөөлөргө Теңир эмес, мен мындай демекчимин: «Эгерде кайсы бир бир туугандын аялы Теңирге ишенбесе, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал бир тууган аялы менен ажырашпасын.
Кайсы бир бир туугандын күйөөсү Теңирге ишенбесе, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал бир тууган күйөөсү менен ажырашпасын.
Анткени Теңирге ишенбеген күйөөсү Теңирге ишенген аялы аркылуу, Теңирге ишенбеген аялы Теңирге ишенген күйөөсү аркылуу ыйыкталат. Болбосо балдарыңар ыйык болмок эмес, азыр алар ыйык.
Эгерде Теңирге ишенбеген тарап ажырашууну кааласа, ажырашсын. Мындай учурда бир туугандын башы бош, Кудай бизди тынчтыкка чакырган.
Аял, балким, күйөөң сен аркылуу куткарылып калар, кайдан билесиң? Эркек, балким, аялың сен аркылуу куткарылып калар, кайдан билесиң?
Кудай кимге эмнени белгилесе жана кимди кандай абалында чакырып алса, ошол боюнча жашасын. Мен бардык Жыйындарга ушундай буйрук берем.
Сүннөткө отургузулган абалыңда чакырылсаң, жашырынба. Сүннөткө отургузулбаган абалыңда чакырылсаң, сүннөткө отургузулбай эле кой.
Сүннөткө отургузулуу же отургузулбоо маанилүү эмес, маанилүүсү – Кудайдын осуяттарын аткаруу.
Ким кандай абалында чакырылса, ошол абалында калсын.
Кул абалыңда чакырылган болсоң, уялба. Эгерде эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүгүң бар болсо, жакшысын пайдаланып кал!
Кул абалында чакырылган адам – Теңир алдында эркин адам. Ошол сыяктуу эле эркин абалында чакырылган адам – Машайактын кулу.
Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, адамга кул болбогула.
Бир туугандар, ким кандай абалында чакырылса, Кудай алдында ошол абалында калсын.
Турмушка чыга элек кыздар жөнүндө Кудайдан буйрук алган эмесмин. Бирок Теңирдин ырайымын көрүп, ишенимдүү болгон адам катары кеңеш берем.
Азыркы кыйынчылыктарды эске алганда, үй-бүлө курбай эле койгон жакшы деп ойлойм.
Аялың бар болсо, ажырашам дебе. Аялсыз калсаң, аял издебе.
Эгерде үйлөнсөң, күнөө эмес. Эгерде кыз турмушка чыкса, күнөө эмес. Бирок үй-бүлө кургандар дене жагынан азап тартышат. Мен болсо силерди аяйм.
Силерге айтарым, бир туугандар, аз убакыт калды. Мындан ары аялы барлар аялы жоктордой болсун.
Ыйлагандар ыйлабагандардай, кубангандар кубанбагандардай, сатып алгандар сатып албагандардай,
бул дүйнөнүн жыргалчылыгын көрүп жаткандар жыргалчылык көрбөгөндөрдөй болушсун. Анткени бул дүйнө – жок боло турган дүйнө.
Мен силердин түйшүк тартышыңарды каалабайм. Үйлөнбөгөн адам Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт.
Ал эми үйлөнгөн адам аялына жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт. Турмушка чыккан кыз менен турмушка чыкпаган кыздын да айырмасы бар.
Турмушка чыкпаган кыз денеси, руху ыйык болуп, Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт. Ал эми турмушка чыккан кыз күйөөсүнө жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт.
Муну силердин эркиндигиңерди чектеш үчүн эмес, силерге жакшы болуш үчүн айтып жатам. Эч нерсеге алаксыбай, Теңирге ар дайым жакшы кызмат кылышыңарды каалайм.
Ким өзүнүн жашы өтүп бара жаткан кызынын жалгыз өтүшүн туура көрбөсө, кызын күйөөгө берсин, күнөө эмес. Кызы турмушка чыксын.
Ал эми ким кызын күйөөгө бербөөнү чечсе, ошол чечиминин туура экенине көзү жетсе, өз эрки менен ушундай кылса, ал жакшы кылат.
Кызын күйөөгө берген адам жакшы кылат. Ал эми кызын күйөөгө бербеген адам андан да жакшы кылат.
Күйөөсү тирүү турганда, аялдын башы бош эмес. Күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, аялдын башы бош. Каалаган адамына турмушка чыкса болот, бирок Теңирге ишенген адамга гана.
Менин оюмча, жесир бойдон калган аял бактылуу. Менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм.