2Cor.12.21; Lev.18.8; Deut.22.30; Deut.27.20
1Cor.4.6; 2Cor.7.7-2Cor.7.10
Col.2.5; 1Thess.2.17
2Thess.3.6; Matt.16.19; Matt.18.18; John.20.23; 2Cor.13.3; 2Cor.13.10; 1Tim.5.20
1Tim.1.20; Job.2.6; Acts.26.18; Prov.23.14; 1Cor.1.8
Jas.4.16; 1Cor.5.2; Gal.5.9; 1Cor.15.33
Exod.12.15; Deut.16.3; Matt.16.6; Matt.16.12; Mark.8.15; Luke.12.1
2Cor.6.14; Eph.5.11; 2Thess.3.6; 2Thess.3.14
1Cor.10.27; Eph.5.5; Col.3.5; 1Cor.6.9; John.17.15
2Thess.3.6
Mark.4.11; 1Cor.6.1-1Cor.6.4
Deut.13.5; Deut.17.7; Deut.17.12; Deut.21.21; Deut.22.21-Deut.22.22; Deut.22.24; Judg.20.13
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Күнөө кетирген адамга чара көрүү

Силердин араңарда бузуктук кылган адам бар экенин уктум. Ал өзүнүн өгөй энесин алып алыптыр. Мындай нерсе бутпарастар арасында да кездешпейт.
«Мындай иш кылган адам арабыздан чыгарылса экен», – деп ыйлагандын ордуна кекирейесиңер да!
Араңарда болбосом да, рухум силер менен, ошондуктан өзүмдү араңарда жүргөндөй эле сезип, мындай иш кылган адамга карата чечим чыгарып койдум.
Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына чогулганыңарда, рухум силердин араңарда.
Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү менен ал адамдын жаны куткарылып калышы үчүн, денеси кыйналышы үчүн, аны шайтанга берип салгыла.
Мактанар жөнүңөр жок! Бир аз эле ачыткы бүт камырды ачытарын билбейсиңерби?
Жаңы камыр болушуңар үчүн, эски ачыткыдан арылгыла. Силер ачыткысыз камырсыңар, анткени Пасах Козусу – Машайак биз үчүн курмандыкка чалынган.
Ошондуктан эски ачыткы – бузуктук жана куулук-шумдук менен эмес, ачыткысыз нан – таза жүрөк жана чындык менен майрамдайлы.
Мен силерге: «Бузуктук кылуучулар менен мамилелешпегиле», – деп, кат жазып жибергем.
Бул дүйнөнүн бузуктук кылуучулары, дүнүйөкорлору, талап-тоноочулары жана бутка табынуучулары менен мамилелешпегиле дебейм. Болбосо бул дүйнөдөн таптакыр эле чыгып кетүүгө туура келмек.
Мен силерге: «“Бир тууганыңармын”, – деп коюп, бузуктук кылганын, дүнүйөкорлугун, бутка табынганын, ушак сүйлөгөнүн, ичкилик ичкенин, уурулук кылганын таштабаган адам менен мамилелешпегиле. Атүгүл, аны менен бирге отуруп тамак да ичпегиле», – деп жазгам.
Сырттагыларды соттоп эмне кылам? Жыйындагыларды силер соттошуңар керек эмес беле?
Сырттагыларды Кудай соттойт. Ошондуктан бузулган адамды араңардан чыгарып салгыла.