1Cor.2.15; Rom.7.14; 1Cor.2.14; Heb.5.13; 1Cor.2.6
Heb.5.12-Heb.5.13; 1Pet.2.2; John.16.12
Gal.5.19-Gal.5.20; 1Cor.1.11; 1Cor.11.18; Rom.13.13
1Cor.1.12; 1Cor.3.3
2Cor.6.4; Eph.3.7; Col.1.25; 2Cor.3.3; Rom.12.6
1Cor.4.15; 1Cor.9.1; 1Cor.15.1; Acts.18.4-Acts.18.11; 2Cor.10.14-2Cor.10.15; Acts.18.27; 1Cor.15.10; Col.1.18
2Cor.12.11; Gal.6.3; Gal.2.6
1Cor.3.14; 1Cor.15.58; 2John.1.8; 1Cor.4.5; Gal.6.4-Gal.6.5; Matt.16.27; Rom.2.6
Mark.16.20; 2Cor.6.1; Eph.2.20-Eph.2.22; Col.2.7; 1Cor.3.16; Ps.126.1
2Pet.3.15; Rom.12.3; 1Cor.3.11-1Cor.3.12; Rom.15.20; Rev.21.14; 1Cor.4.15
Isa.28.16; 2Cor.11.4; Gal.1.6-Gal.1.7; Eph.2.20
1Cor.4.5; 1Cor.3.15; 2Thess.1.8; 1Pet.1.7
1Cor.3.8
Ps.65.12; Isa.43.2; Jude.1.23
1Cor.6.19; 2Cor.6.16; Eph.2.21
2Cor.7.1
Isa.5.21; Gal.6.3; 1Cor.8.2; Jer.8.8-Jer.8.9
1Cor.1.20; Job.5.13
Ps.93.11
1Cor.3.4-1Cor.3.6; 1Cor.1.12; 1Cor.4.6; Rom.8.28
2Cor.10.7; Gal.3.29; 1Cor.11.3
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Жыйынды бөлүүчүлөрдү ашкерелөө

Бир туугандар, мен силер менен рухий адамдар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө алган жокмун. Дененин каалоосун аткарып жашаган адамдар менен, Машайак жолундагы жаш балдар менен сүйлөшкөндөй сүйлөштүм.
Мен силерге күчтүү тамак эмес, сүт бергем. Анткени силер күчтүү тамакты аш кыла алмак эмессиңер, аны азыр да аш кыла албайсыңар.
Анткени силер азыр деле дененин каалоосун аткарып жашап жатасыңар. Ортоңордо көрө албастык, уруш-талаш, келишпестик бар болсо, дененин каалоосун аткарып жашаган адам эмей кимсиңер? Силер адамдык кылып жаткан жоксуңарбы?
Бириңер: «Мен Пабылдыкымын», – десеңер, бириңер: «Мен Аполостукумун», – дейсиңер, дененин каалоосун аткарып жашаган адам эмей кимсиңер?
Аполос ким? Пабыл ким? Алар – жөн гана кызматчылар, силер Теңирге ошолор аркылуу ишенип калдыңар. Теңирдин бергенине жараша алардын ар биринин жөндөмдүүлүгү бар.
Мен урук септим, Аполос сугарды, бирок Кудай өстүрдү.
Ошондуктан себүүчүнүн да, сугаруучунун да иши маанилүү эмес, себилгенди өстүрүүчү Кудайдын иши маанилүү.
Себүүчү менен сугаруучунун эмгеги бирдей. Бирок ар бири өз эмгегине жараша акысын алат.
Биз Кудайдын кызматташтарыбыз, силер болсо Кудайдын эгин талаасы жана Кудайдын имаратысыңар.
Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы менен мен акылдуу куруучу катары пайдубал салдым. Башка бирөө ошол пайдубалдын үстүнө куруп жатат. Бирок ар бириң өзүңдүн кандай куруп жатканыңа көңүл бур!
Себеби эч ким салынган пайдубалдан бөлөк пайдубал сала албайт, ал пайдубал – Ыйса Машайак Өзү.
Ал пайдубалдын үстүнө бирөө алтындан, бирөө күмүштөн, бирөө кымбат баалуу таштардан, бирөө чөптөн, бирөө жыгачтан, бирөө самандан курат.
Ар бир адамдын кылган иши сот күнү ачыкка чыгат, себеби от аркылуу ачылат, кимдин иши кандай экенин от сынайт.
Кимдин кылган иши отко туруштук берсе, ал сыйлыгын алат.
Ал эми кимдин иши күйүп кетсе, ал зыян тартат. Өзү куткарылат, бирок оттон чыккандай куткарылат.
Кудайдын ийбадатканасы экендигиңерди, ичиңерде Кудайдын Руху жашарын билбейсиңерби?
Ким Кудайдын ийбадатканасын талкаласа, аны Кудай талкалайт. Анткени Кудайдын ийбадатканасы ыйык, ал эми ал ийбадаткана силерсиңер.
Эч ким өзүн өзү алдабасын. Араңардан ким бул дүйнөдө акылдуу болгусу келсе, акылдуу болуш үчүн, акылсыз болсун.
Анткени бул дүйнөнүн акылмандыгы – Кудай алдында акылсыздык. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Ал акылмандарды өздөрүнүн эле айла-амалы менен кармайт».
Ошондой эле: «Кудай акылмандардын ою куру ой экендигин билет», – деп жазылган.
Ошондуктан эч кимиңер адам менен мактанбагыла, анткени баары силердики.
Пабыл да, Аполос да, Кейфа да, дүйнө да, өмүр да, өлүм да, азыркы учур да, келечек да – баары силердики.
Силер болсо Машайактыкысыңар, Машайак Кудайдыкы.