1 Теңир падышачылык кылып жатат, Ал улуулукту кийим кылып кийген. Теңирди кудурет курчап турат, Ал күч менен курчанган. Ошондуктан аалам бекем турат, козголбойт. 1 Господь царствует; Он облечен величием, облечен Господь могуществом и препоясан: потому вселенная тверда, не подвигнется.
2 Сенин тактың адегенде эле орнотулган. Сен түбөлүктүүсүң. 2 Престол Твой утвержден искони: Ты - от века.
3 Теңирим, дарыялар ашып-ташып жатат, дарыялар өз добушун көтөрүп жатышат, дарыялар өз толкундарын көтөрүп жатышат. 3 Возвышают реки, Господи, возвышают реки голос свой, возвышают реки волны свои.
4 Бирок асмандагы Теңир көптөгөн суулардын добушунан да, деңиздердин күчтүү толкундарынан да күчтүү! 4 Но паче шума вод многих, сильных волн морских, силен в вышних Господь.
5 Сенин күбөлөндүрүүлөрүң туптуура. Теңирим, Сенин үйүңө түбөлүк ыйыктык таандык.
5 Откровения Твои несомненно верны. Дому Твоему, Господи, принадлежит святость на долгие дни.