1-2 Уулум! Акыл-эстүү болушуң үчүн, оозуңда билим болушу үчүн, менин даанышмандык менен айткан сөздөрүмө кулак сал, акылмандык менен айткан сөздөрүмө кулак төшө. 1 Сын мой! внимай мудрости моей, и приклони ухо твое к разуму моему,
1-2 Уулум! Акыл-эстүү болушуң үчүн, оозуңда билим болушу үчүн, менин даанышмандык менен айткан сөздөрүмө кулак сал, акылмандык менен айткан сөздөрүмө кулак төшө. 2 чтобы соблюсти рассудительность, и чтобы уста твои сохранили знание.
3 Анткени башка бирөөнүн аялы тилинен бал тамызып сүйлөйт, сүйлөгөн сөздөрү зайтун майынан да жумшак. 3 ибо мед источают уста чужой жены, и мягче елея речь ее;
4 Бирок анын акыры эрмендей ачуу, эки миздүү кылычтай курч. 4 но последствия от нее горьки, как полынь, остры, как меч обоюдоострый;
5 Анын буту өлүмгө алып барат, таманы өлгөндөр жаткан жайга түшүрөт. 5 ноги ее нисходят к смерти, стопы ее достигают преисподней.
6 Эгерде сен анын баскан жолун билгиң келсе, анын жолдору туруктуу эмес, ошондуктан сен аларды биле албайсың. 6 Если бы ты захотел постигнуть стезю жизни ее, то пути ее непостоянны, и ты не узнаешь их.
7 Ошондуктан, балдарым, мени уккула, менин оозумдан чыккан сөздөрдөн четтебегиле. 7 Итак, дети, слушайте меня и не отступайте от слов уст моих.
8 Ал аялдан алыс жүр, анын үйүнүн эшигине жакын барба, 8 Держи дальше от нее путь твой и не подходи близко к дверям дома ее,
9 болбосо ден соолугуңду башкаларга алдырасың, өмүрүңдү кыйноочуга бересиң, 9 чтобы здоровья твоего не отдать другим и лет твоих мучителю;
10 күчүңө башка бирөөлөр тоёт, эмгегиң башка бирөөнүн үйүнө кетет. 10 чтобы не насыщались силою твоею чужие, и труды твои не были для чужого дома.
11 Дене-мүчөң күч-кубаттан ажыраганда, онтоп, 11 И ты будешь стонать после, когда плоть твоя и тело твое будут истощены, -
12 мындай деп айтасың: «Эмне үчүн мен акыл-насаатты жек көрдүм экен, эмне үчүн жүрөгүм ашкерелөөнү капарына албады экен? 12 и скажешь: "зачем я ненавидел наставление, и сердце мое пренебрегало обличением,
13 Эмне үчүн устаттарымдын үнүн укпадым экен, эмне үчүн насаатчыларыма кулак төшөбөдүм экен? 13 и я не слушал голоса учителей моих, не приклонял уха моего к наставникам моим:
14 Аз жерден элдин жана коомдун арасында ар кандай жамандыкка дуушар болуп кала жаздадым». 14 едва не впал я во всякое зло среди собрания и общества!"
15 Өз көлмөңдөгү, өз кудугуңдагы суудан ич. 15 Пей воду из твоего водоема и текущую из твоего колодезя.
16 Булактарың көчөгө, агын сууларың аянттарга акпасын. 16 Пусть не разливаются источники твои по улице, потоки вод - по площадям;
17 Алар жат кишиге эмес, бир гана сага таандык болсун. 17 пусть они будут принадлежать тебе одному, а не чужим с тобою.
18 Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган, 18 Источник твой да будет благословен; и утешайся женою юности твоей,
19 маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан. 19 любезною ланью и прекрасною серною: груди ее да упоявают тебя во всякое время, любовью ее услаждайся постоянно.
20 Уулум, башка бирөөнүн аялына кызыгып, башка бирөөнүн аялынын төшүн кучактап эмне кыласың? 20 И для чего тебе, сын мой, увлекаться постороннею и обнимать груди чужой?
21 Адамдын жолдору Теңирдин көз алдында, Ал анын ар бир кадамын ченеп турат. 21 Ибо пред очами Господа пути человека, и Он измеряет все стези его.
22 Мыйзамсыз адамды өзүнүн мыйзамсыздыгы тузакка түшүрөт, ал өз күнөөсүнүн торунда камалып турат. 22 Беззаконного уловляют собственные беззакония его, и в узах греха своего он содержится:
23 Ал акыл-насааттын жетишсиздигинен өлөт, акылсыздыгынын көптүгүнөн жок болот.
23 он умирает без наставления, и от множества безумия своего теряется.