1 Иерусалимдеги падыша Дөөттүн уулу, Насаатчынын сөздөрү. 1 Слова Екклесиаста, сына Давидова, царя в Иерусалиме.
2 «Түйшүктүн түйшүгү, – деди Насаатчы, – түйшүктүн түйшүгү – бардыгы түйшүк!» 2 Суета сует, сказал Екклесиаст, суета сует, - все суета!
3 Адамга өзүнүн күн астында мээнеттенген эмгегинен эмне пайда? 3 Что пользы человеку от всех трудов его, которыми трудится он под солнцем?
4 Бир муун өтөт, бир муун келет, жер болсо кылымдан кылымга тура берет. 4 Род проходит, и род приходит, а земля пребывает во веки.
5 Күн чыгат, күн кайра батат, ал өзүнүн ордуна, чыккан жерине шашат. 5 Восходит солнце, и заходит солнце, и спешит к месту своему, где оно восходит.
6 Шамал түштүккө согот, андан түндүккө өтөт, ал өз жолу менен тегеренип жүрүп, чыккан жерине кайтат. 6 Идет ветер к югу, и переходит к северу, кружится, кружится на ходу своем, и возвращается ветер на круги свои.
7 Дарыялардын баары деңизге барып куят, бирок деңиз ашып-ташып кетпейт, кайра агыш үчүн, дарыялар өздөрүнүн чыккан жерине кайтышат. 7 Все реки текут в море, но море не переполняется: к тому месту, откуда реки текут, они возвращаются, чтобы опять течь.
8 Бардыгы эмгектенүүдө. Эч ким аны сөз менен айтып жеткире албайт. Көз көргөнүнө тойбойт, кулак укканына тойбойт. 8 Все вещи - в труде: не может человек пересказать всего; не насытится око зрением, не наполнится ухо слушанием.
9 Мурун эмне болсо, азыр да ошол боло берет, мурун эмне жасалса, азыр да ошол жасала берет, демек, күн астында жаңы эч нерсе жок. 9 Что было, то и будет; и что делалось, то и будет делаться, и нет ничего нового под солнцем.
10 Адамдар: «Карасаң, бул – жаңы нерсе», – деп айта турган бир нерсе болушу мүмкүн, бирок ал бизден мурун, өткөн кылымдарда эле болгон. 10 Бывает нечто, о чем говорят: "смотри, вот это новое"; но это было уже в веках, бывших прежде нас.
11 Мурун болгон нерселер эстелбейт, ошондой эле боло турган нерселер кийинкилердин эсинде калбайт.
11 Нет памяти о прежнем; да и о том, что будет, не останется памяти у тех, которые будут после.
12 Мен, Насаатчы, Иерусалимде Ысрайылдын падышасы болгом. 12 Я, Екклесиаст, был царем над Израилем в Иерусалиме;
13 Мен асман астында эмне болуп жатса, ошонун баарын акыл менен сынаганга, изилдегенге көңүл койдум: бул татаал ишти Кудай адам баласына машыгып турсун деп берген. 13 и предал я сердце мое тому, чтобы исследовать и испытать мудростью все, что делается под небом: это тяжелое занятие дал Бог сынам человеческим, чтобы они упражнялись в нем.
14 Мен күн астында жасалып жаткан иштердин баарын көрдүм, анын бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу! 14 Видел я все дела, какие делаются под солнцем, и вот, все - суета и томление духа!
15 Ийри түзөлбөйт, жок нерсени бар деп эсептөөгө болбойт. 15 Кривое не может сделаться прямым, и чего нет, того нельзя считать.
16 Мен өзүмө өзүм мындай дедим: Мына, мен Иерусалимге менден мурун бийлик кылгандарга караганда көбүрөөк акылмандуулукка ээ болдум. Менин жүрөгүм көп акылмандыкты жана көп билимди көрдү. 16 Говорил я с сердцем моим так: вот, я возвеличился и приобрел мудрости больше всех, которые были прежде меня над Иерусалимом, и сердце мое видело много мудрости и знания.
17 Мен акылмандыкты таанып билүүгө, акылсыздык менен түркөйлүктү таанып билүүгө көңүл койдум. Бул да рухтун кыйналуусу экенин билдим. 17 И предал я сердце мое тому, чтобы познать мудрость и познать безумие и глупость: узнал, что и это - томление духа;
18 Анткени акылмандуулук канчалык көп болсо, кайгы ошончолук көп, билимин арттырган адам кайгысын арттырат.
18 потому что во многой мудрости много печали; и кто умножает познания, умножает скорбь.