1 Пелиштиликтер болсо ысрайылдыктар менен согушуп жатышты. Ысрайыл эркектери пелиштиликтерден качып, Гилбоя тоосунда кырылышты. 1 Филистимляне же воевали с Израильтянами, и побежали мужи Израильские от Филистимлян и пали пораженные на горе Гелвуе.
2 Пелиштиликтер Шабулду жана анын уулдарын кууп жетип, Шабулдун уулдары Жонатанды, Аминадапты жана Малкишуаны өлтүрүштү. 2 И догнали Филистимляне Саула и сыновей его, и убили Филистимляне Ионафана, и Аминадава, и Малхисуа, сыновей Саула.
3 Шабулга каршы согуш катаал болду, аны жаа аткычтар атышты, ал аткычтардан катуу жарадар болду. 3 И битва против Саула сделалась жестокая, и стрелки из луков поражали его, и он очень изранен был стрелками.
4 Ошондо Шабул өзүнүн курал көтөргөн жигитине: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени сайып сал, болбосо мына бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени өлтүрүп, маскара кылышат», – деди. Бирок курал көтөргөн жигит макул болгон жок, анткени абдан коркуп турган эле. Ошондо Шабул өз кылычын алып, ага сайынып жыгылды. 4 И сказал Саул оруженосцу своему: обнажи твой меч и заколи меня им, чтобы не пришли эти необрезанные и не убили меня и не издевались надо мною. Но оруженосец не хотел, ибо очень боялся. Тогда Саул взял меч свой и пал на него.
5 Курал көтөргөн жигити Шабулдун өлгөнүн көргөндө, өз кылычына жыгылып, аны менен кошо өлдү. 5 Оруженосец его, увидев, что Саул умер, и сам пал на свой меч и умер с ним.
6 Ошентип, ошол күнү Шабул, анын үч уулу жана курал көтөргөн жигити, ошондой эле бардык кишилери аны менен кошо өлүштү. 6 Так умер в тот день Саул и три сына его, и оруженосец его, а также и все люди его вместе.
7 Өрөөн тарапта жана Иордан суусунун наркы өйүзүндө жашаган ысрайылдыктар Ысрайыл элинин качканын, Шабулдун жана анын уулдарынын өлгөнүн көрүшкөндө, өз шаарларын таштап качышты. Пелиштиликтер келип, алардын шаарларына отурукташып алышты. 7 Израильтяне, жившие на стороне долины и за Иорданом, видя, что люди Израилевы побежали и что умер Саул и сыновья его, оставили города свои и бежали, а Филистимляне пришли и засели в них.
8 Эртеси күнү пелиштиликтер Гилбоя тоосуна өлгөндөрдү тоногону келишкенде, Гилбоя тоосунан Шабулдун жана анын үч уулунун өлүгүн табышты. 8 На другой день Филистимляне пришли грабить убитых, и нашли Саула и трех сыновей его, павших на горе Гелвуйской.
9 Алар Шабулдун башын кесип, куралын чечип алып, буркандарынын бутканаларына жана өздөрүнүн элине бул окуяны кабарлаш үчүн, Пелиштинин бүт жерине жөнөтүштү. 9 И отсекли ему голову, и сняли с него оружие и послали по всей земле Филистимской, чтобы возвестить о сем в капищах идолов своих и народу;
10 Анын куралын Ашейранын бутканасына коюшту, денесин Бейт-Шандын дубалына асып коюшту. 10 и положили оружие его в капище Астарты, а тело его повесили на стене Беф-Сана.
11 Пелиштиликтердин Шабулду эмне кылышканын Гилаттагы Жабештин тургундары угушту. 11 И услышали жители Иависа Галаадского о том, как поступили Филистимляне с Саулом,
12 Ошондо бардык эр жүрөктөр туруп, түнү бою жол жүрүп келип, Шабулдун жана анын уулдарынын денелерин Бейт-Шандын дубалынан алып, Жабешке алып келип, ошол жерде өрттөп салышты. 12 и поднялись все люди сильные, и шли всю ночь, и взяли тело Саула и тела сыновей его со стены Беф-Сана, и пришли в Иавис, и сожгли их там;
13 Алардын сөөгүн алып, Жабештеги эмен дарагынын түбүнө көмүштү да, жети күн орозо кармашты.
13 и взяли кости их, и погребли под дубом в Иависе, и постились семь дней.