1 Буркандарга багышталган тамак-аш жөнүндө баарыбыз эле билебиз, анткени баарыбызда эле билим бар. Бирок билим адамды текебер кылат, ал эми сүйүү адамдын акылына акыл кошот. 1 О идоложертвенных яствах мы знаем, потому что мы все имеем знание; но знание надмевает, а любовь назидает.
2 «Бир нерсе билем», – деп ойлогон адам эмнени билүү керек экендигин али биле элек. 2 Кто думает, что он знает что-нибудь, тот ничего еще не знает так, как должно знать.
3 Бирок Кудай Өзүн сүйгөн адамга билим берген. 3 Но кто любит Бога, тому дано знание от Него.
4 Буркандарга багышталган тамак-ашты жегенге болор-болбосу жөнүндө сөз кыла турган болсок, биз буркандын бул дүйнөдө эч нерсеге арзыбаган нерсе экенин, жалгыз Кудайдан башка Кудай жок экендигин билебиз. 4 Итак об употреблении в пищу идоложертвенного мы знаем, что идол в мире ничто, и что нет иного Бога, кроме Единого.
5 Жер үстүндө болобу, асманда болобу, «кудай» деп аталгандар бар болгону менен (анткени көптөгөн кудайлар жана үстөмдүк кылуучулар бар), 5 Ибо хотя и есть так называемые боги, или на небе, или на земле, так как есть много богов и господ много, -
6 бизде бир гана Кудай Ата бар. Баарын Ал жараткан, биз да Ал үчүн жаратылганбыз. Ошондой эле бир гана Теңир – Ыйса Машайак бар, баары Ал аркылуу жаратылган, биз да Ал аркылуу жаратылганбыз. 6 но у нас один Бог Отец, из Которого все, и мы для Него, и один Господь Иисус Христос, Которым все, и мы Им.
7 Бирок баарында эле мындай билим жок. Кээ бирөөлөр азыркыга чейин өздөрүнүн бутпарастык эски адаты боюнча бул тамакты буркандарга багышталган тамак катары жешет. Алардын абийири алсыз болгондуктан булганат. 7 Но не у всех такое знание: некоторые и доныне с совестью, признающею идолов, едят идоложертвенное как жертвы идольские, и совесть их, будучи немощна, оскверняется.
8 Тамак бизди Кудайга жакындатпайт: жесек, бир нерсеге ээ болбойбуз; жебей койсок, эч нерсе жоготпойбуз. 8 Пища не приближает нас к Богу: ибо, едим ли мы, ничего не приобретаем; не едим ли, ничего не теряем.
9 Бирок сак болгула, силердин ушул эркиндигиңер алсыздар үчүн азгырык болбосун. 9 Берегитесь однако же, чтобы эта свобода ваша не послужила соблазном для немощных.
10 Эгерде алсыз бир тууганың билимдүүмүн деген сенин бутканада тамак жеп отурганыңды көрүп калса, буркандарга багышталган тамак-аштан анын да жегиси келбес бекен? 10 Ибо если кто-нибудь увидит, что ты, имея знание, сидишь за столом в капище, то совесть его, как немощного, не расположит ли и его есть идоложертвенное?
11 Машайак сенин ушул алсыз бир тууганың үчүн да өлгөн, сен болсо өз билимиң менен аны өлүмгө дуушар кылып жатасың. 11 И от знания твоего погибнет немощный брат, за которого умер Христос.
12 Алсыз бир туугандарыңардын абийирин жаралап, аларга каршы күнөө кылууңар менен силер Машайакка каршы күнөө кылып жатасыңар. 12 А согрешая таким образом против братьев и уязвляя немощную совесть их, вы согрешаете против Христа.
13 Эгерде мен жеп жаткан тамак бир тууганымдын азгырылышына түрткү болсо, бир тууганым азгырылбашы үчүн, мен этти эч качан оозума албайм.
13 И потому, если пища соблазняет брата моего, не буду есть мяса вовек, чтобы не соблазнить брата моего.