Acts.4.25-Acts.4.26; Ps.45.7
Ps.17.51; Ps.19.7; Ps.44.8; Ps.88.21
Jer.5.5
Ps.10.4; Ps.28.10; Isa.40.22; Ps.36.13; Ps.58.9; Job.22.19; Prov.1.26
Rev.6.16-Rev.6.17
Prov.8.23; 2Sam.5.7; Ps.109.2; Ps.3.5; Ps.14.1; Ps.42.3; Ps.98.9
Rom.1.4; Acts.13.33; Heb.1.5; Heb.5.5
Ps.71.8; Ps.88.28; Dan.7.14
Ps.88.24; Job.34.24; Rev.2.27; Rev.12.5; Rev.19.15; Isa.30.14; Jer.19.11
Heb.12.28; Phil.2.12; Phil.4.4; Phil.2.12
1Sam.10.1; 1Kgs.19.18; John.5.23; Prov.31.2; Ps.2.5; Ps.33.9; Ps.83.13; Prov.16.20; Jer.17.7; Ps.145.5; Isa.30.18
Кырг-ҮН
Кыргыз тилиндеги БИБЛИЯ. Кайра иштелип, экинчи басылышы 2004. Электрондук версия: 2.0


Copyrighted: © 2004 Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ».

Боорукерликтин өкүлдүгү «ҮМҮТ НУРУ»
артка
жабуу
:

Кудай тандаган падыша

1 Дөөттүн забуру. Элдер эмне үчүн дүрбөлөңгө түшүп жатышат, уруулар эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлонуштуруп жатышат?
2 Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып жатышат, төрөлөр чогулуп, Теңирге жана Анын Майланганына каршы кеңешип жатышат.
3 Алар: «Алардын чынжырларын үзүп таштайбыз, алардын бизге салган кишендерин алып ыргытабыз», – деп жатышат.
4 Аларга Асманда Жашоочу күлөт, аларды Теңир уят кылат.
5 Ошондо Ал аларга ачуусу келип турганда айтат, Өзүнүн жаалы менен аларды дүрбөлөңгө түшүрөт.
6 Анткени Мен Өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондун үстүнөн койгом.
7 Өзүмдүн эркимди алдын ала кабарлайм: Теңир Мага мындай деди: «Сен Менин Уулумсуң. Мен бүгүн Сенин атаң болдум.
8 Менден сура, ошондо Мен Сага элдерди мураска берем, бүт жерди энчиңе берем.
9 Сен аларды темир таяк менен талкалайсың, аларды карапачынын идишиндей сындырасың».
10 Ошондуктан, падышалар, акылыңарга келгиле. Жер жүзүнүн башкаруучулары, сабак алгыла!
11 Теңирге коркунуч менен кызмат кылгыла, титирөө менен кубангыла.
12 Уулун сыйлагыла, болбосо Ал каарданат, бара жаткан жолуңарда өлүп каласыңар, анткени жакында Анын каары кайнайт. Ага таянгандардын баары бактылуу.