Ыбрамдын аялы Сара төрөгөн жок. Анын Ажар деген мисирлик күңү бар болчу. Но Сара, жена Аврамова, не рождала ему. У ней была служанка Египтянка, именем Агарь.
Сара Ыбрамга мындай деди: «Теңир мени төрөбөс кылып койду. Менин күңүмдүн үстүнө кир, балким, мен андан балалуу болормун». Ыбрам Саранын тилин алды. И сказала Сара Авраму: вот, Господь заключил чрево мое, чтобы мне не рождать; войди же к служанке моей: может быть, я буду иметь детей от нее. Аврам послушался слов Сары.
Ошентип, Ыбрамдын Канаан жеринде турганына он жыл болгондо, Ыбрамдын аялы Сара Ажар деген мисирлик күңүн күйөөсү Ыбрамга аялдыкка алып берди. И взяла Сара, жена Аврамова, служанку свою, Египтянку Агарь, по истечении десяти лет пребывания Аврамова в земле Ханаанской, и дала ее Авраму, мужу своему, в жену.
Ал Ажарга жакындады. Анын боюна бүттү. Боюна бүткөнүн билип, ал мырзайымы Сараны жек көрө баштады. Он вошел к Агари, и она зачала. Увидев же, что зачала, она стала презирать госпожу свою.
Ошондо Сара Ыбрамга мындай деди: «Менин таарынычыма сен күнөөлүүсүң. Күңүмдү сага бердим эле. Ал болсо өзүнүн боюна бүткөнүн билип, мени жек көрө баштады. Экөөбүздүн ортобузга Теңир Өзү сот болсун». И сказала Сара Авраму: в обиде моей ты виновен; я отдала служанку мою в недро твое; а она, увидев, что зачала, стала презирать меня; Господь пусть будет судьею между мною и между тобою.
Ыбрам Сарага мындай деди: «Мына, күңүң өз колуңда. Эмне кылам десең, өзүң бил». Ошондо Сара Ажарды кысымга ала баштады. Ажар андан качып кетти. Аврам сказал Саре: вот, служанка твоя в твоих руках; делай с нею, что тебе угодно. И Сара стала притеснять ее, и она убежала от нее.
Теңирдин периштеси аны чөлдөгү булак суусунун жанынан, Шурга кеткен жолдогу булактын жанынан тапты. И нашел ее Ангел Господень у источника воды в пустыне, у источника на дороге к Суру.
Анан ага мындай деди: «Ажар, Саранын күңү! Сен кайдан келдиң, кайда бара жатасың?» Ал: «Мен өзүмдүн мырзайымым Сарадан качып бара жатам», – деп жооп берди. И сказал ей: Агарь, служанка Сарина! откуда ты пришла и куда идешь? Она сказала: я бегу от лица Сары, госпожи моей.
Теңирдин периштеси ага мындай деди: «Мырзайымыңа кайра бар да, ага баш ий. Ангел Господень сказал ей: возвратись к госпоже своей и покорись ей.
Укум-тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм, көптүгүнөн санап чыккыс болот». И сказал ей Ангел Господень: умножая умножу потомство твое, так что нельзя будет и счесть его от множества.
Теңирдин периштеси ага дагы мындай деди: «Азыр сенин боюңда бар, уул төрөйсүң, атын Ысмайыл деп коёсуң, анткени сенин кайгы-муңуңду Теңир укту. И еще сказал ей Ангел Господень: вот, ты беременна, и родишь сына, и наречешь ему имя Измаил, ибо услышал Господь страдание твое;
Ал эл арасында жапайы эшектей болот. Ал баарына каршы, баары ага каршы болот. Ал өз бир туугандарынын жанында жашайт». он будет между людьми, как дикий осел; руки его на всех, и руки всех на него; жить будет он пред лицем всех братьев своих.
Ошондо Ажар: «Мен бул жерден мени көргөндү чын эле көрдүм», – деп, өзүнө сүйлөгөн Теңирге мындай деп ат койду: «Сен мени көрүп турган Кудайсың». И нарекла Агарь Господа, Который говорил к ней, сим именем: Ты Бог видящий меня. Ибо сказала она: точно я видела здесь в след видящего меня.
Ошон үчүн ал булак Бейир-Лакай-Ройи деп аталат. Ал Кадеш менен Береттин ортосунда жайгашкан. Посему источник тот называется: Беэр-лахай-рои. Он находится между Кадесом и между Баредом.
Ажар Ыбрамга уул төрөп берди. Ыбрам Ажардан төрөлгөн уулунун атын Ысмайыл койду. Агарь родила Авраму сына; и нарек Аврам имя сыну своему, рожденному от Агари: Измаил.
Ажар Ыбрамга Ысмайылды төрөп бергенде, Ыбрам сексен алты жашта эле.
Аврам был восьмидесяти шести лет, когда Агарь родила Авраму Измаила.