1 Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты. 1 В начале сотворил Бог небо и землю.
2 Жер болсо көрксүз, ээн болчу, түпсүз туңгуюкту караңгылык каптап турчу. Кудайдын Руху суу үстүндө калкып учуп жүрчү. 2 Земля же была безвидна и пуста, и тьма над бездною, и Дух Божий носился над водою.
3 Ошондо Кудай: «Жарык болсун!» – деди. Жарык пайда болду. 3 И сказал Бог: да будет свет. И стал свет.
4 Кудай жарыктын жакшы экенин көрүп, жарыкты караңгыдан ажыратты. 4 И увидел Бог свет, что он хорош, и отделил Бог свет от тьмы.
5 Кудай жарыкты «күн», караңгыны «түн» деп атады. Кеч кирип, таң атты: биринчи күн өттү. 5 И назвал Бог свет днем, а тьму ночью. И был вечер, и было утро: день один.
6 Анан Кудай: «Суулардын ортосунда аба мейкиндиги болсун, ал сууну суудан бөлүп турсун», – деди. 6 И сказал Бог: да будет твердь посреди воды, и да отделяет она воду от воды.
7 Ошентип, Кудай аба мейкиндигин жаратып, аба мейкиндигинин астындагы сууну аба мейкиндигинин үстүндөгү суудан бөлүп койду. Так ошондой болду. 7 И создал Бог твердь, и отделил воду, которая под твердью, от воды, которая над твердью. И стало так.
8 Кудай аба мейкиндигин «асман» деп атады. Кеч кирип, таң атты: экинчи күн өттү. 8 И назвал Бог твердь небом. И был вечер, и было утро: день второй.
9 Анан Кудай: «Асман астындагы суулар бир жерге чогулсун, кургактык пайда болсун», – деди. Так ошондой болду. 9 И сказал Бог: да соберется вода, которая под небом, в одно место, и да явится суша. И стало так.
10 Кудай кургактыкты «жер» деп атады, ал эми чогулган сууларды «деңиз» деп атады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 10 И назвал Бог сушу землею, а собрание вод назвал морями. И увидел Бог, что это хорошо.
11 Анан Кудай: «Жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, уругу жер үстүндө өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарсын», – деди. Так ошондой болду. 11 И сказал Бог: да произрастит земля зелень, траву, сеющую семя дерево плодовитое, приносящее по роду своему плод, в котором семя его на земле. И стало так.
12 Ошондо жер өсүмдүктөрдү, уруко чакан түрдүү чөптөрдү, өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 12 И произвела земля зелень, траву, сеющую семя по роду ее, и дерево, приносящее плод, в котором семя его по роду его. И увидел Бог, что это хорошо.
13 Кеч кирип, таң атты: үчүнчү күн өттү. 13 И был вечер, и было утро: день третий.
14 Анан Кудай: «Күндү түндөн ажыратуу үчүн, мезгилдерди, күндөрдү, жылдарды белгилөө үчүн, асман мейкиндигинде чырактар болсун. 14 И сказал Бог: да будут светила на тверди небесной для отделения дня от ночи, и для знамений, и времен, и дней, и годов;
15 Алар жерге жарык берип турушу үчүн, асман мейкиндигинде чырак болушсун», – деди. Так ошондой болду. 15 и да будут они светильниками на тверди небесной, чтобы светить на землю. И стало так.
16 Ошентип, Кудай эки чоң чыракты: күндү башкаруу үчүн чоңураак чыракты, түндү башкаруу үчүн кичирээк чыракты жана жылдыздарды жаратты. 16 И создал Бог два светила великие: светило большее, для управления днем, и светило меньшее, для управления ночью, и звезды;
17 Кудай аларды жерге жарык бериши үчүн, 17 и поставил их Бог на тверди небесной, чтобы светить на землю,
18 күн менен түндү башкарышы үчүн, жарыкты караңгыдан ажыратышы үчүн, асман мейкиндигине жайгаштырды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 18 и управлять днем и ночью, и отделять свет от тьмы. И увидел Бог, что это хорошо.
19 Кеч кирип, таң атты: төртүнчү күн өттү. 19 И был вечер, и было утро: день четвертый.
20 Анан Кудай: «Суу тирүү жандыктарга толсун. Жер үстүндө, асман мейкиндигинде канаттуулар учсун», – деди. 20 И сказал Бог: да произведет вода пресмыкающихся, душу живую; и птицы да полетят над землею, по тверди небесной.
21 Ошентип, Кудай суудагы көп сандаган чоң балыктарды жана сойлоп жүрүүчү ар түрдүү жандыктарды, ар кандай канаттууларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 21 И сотворил Бог рыб больших и всякую душу животных пресмыкающихся, которых произвела вода, по роду их, и всякую птицу пернатую по роду ее. И увидел Бог, что это хорошо.
22 Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Тукумдап көбөйгүлө, деңиз сууларын толтургула, канаттуулар да жерде көбөйүшсүн». 22 И благословил их Бог, говоря: плодитесь и размножайтесь, и наполняйте воды в морях, и птицы да размножаются на земле.
23 Кеч кирип, таң атты: бешинчи күн өттү. 23 И был вечер, и было утро: день пятый.
24 Анан Кудай: «Жер тирүү жандыктарды: малдарды, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, жер жаныбарларын түр-түрү менен чыгарсын», – деди. Так ошондой болду. 24 И сказал Бог: да произведет земля душу живую по роду ее, скотов, и гадов, и зверей земных по роду их. И стало так.
25 Ошентип, Кудай жер жаныбарларын түр-түрү менен, малдарды түр-түрү менен, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 25 И создал Бог зверей земных по роду их, и скот по роду его, и всех гадов земных по роду их. И увидел Бог, что это хорошо.
26 Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын». 26 И сказал Бог: сотворим человека по образу Нашему по подобию Нашему, и да владычествуют они над рыбами морскими, и над птицами небесными, и над скотом, и над всею землею, и над всеми гадами, пресмыкающимися по земле.
27 Ошентип, Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты. 27 И сотворил Бог человека по образу Своему, по образу Божию сотворил его; мужчину и женщину сотворил их.
28 Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла». 28 И благословил их Бог, и сказал им Бог: плодитесь и размножайтесь, и наполняйте землю, и обладайте ею, и владычествуйте над рыбами морскими и над птицами небесными, и над всяким животным, пресмыкающимся по земле.
29 Анан Кудай дагы мындай деди: «Мен силерге бүт жер үстүндөгү түр-түрү менен жемиш берген ар кандай уруктуу өсүмдүктөрдү, мөмөсүндө уругу бар ар кандай мөмөлүү дарактарды бердим, булар силерге азык болсун. 29 И сказал Бог: вот, Я дал вам всякую траву, сеющую семя, какая есть на всей земле, и всякое дерево, у которого плод древесный, сеющий семя; - вам сие будет в пищу;
30 Ал эми бардык жер жаныбарларына, бардык асман канаттууларына, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү ар кандай тирүү жаныбарларга бардык өсүмдүктөрдү азык кылып бердим». Так ошондой болду. 30 а всем зверям земным, и всем птицам небесным, и всякому пресмыкающемуся по земле, в котором душа живая, дал Я всю зелень травную в пищу. И стало так.
31 Кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көрдү. Кеч кирип, таң атты: алтынчы күн өттү.
31 И увидел Бог все, что Он создал, и вот, хорошо весьма. И был вечер, и было утро: день шестой.